Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Оңдоп-түзөө иштерине Өзбекстан 5 млн доллар берет. Бул Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы макулдашууга ылайык жүрүүдө. Алдын-ала пландар боюнча, театрдын имараты келерки жылдын башына чейин театрдын имараты толугу менен оңдолуп бүтөт.