Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Ошто уй 50% га арзандады
13.09.2021 | 18:31
Ош облусунун аймактарында уйдун баасы арзандады. Бул тууралуу “Акчабарга” Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облусу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча уйдун баасы дээрлик 50%га арзандаган. Кара-Суу районунун “Учкун” мал базарындагы жүргүзүлгөн мониторингде эң чоң айырма саан уйда билинген.
Маселен, былтыркы жылы уйдун баасы 90 миң сом болсо, быйыл саан уйлар 55 миңден 60 миң сомго чейин сатылууда. Ал эми калган мал жандыктардын баасында айырма көп эместиги маалым болду.
Бирок Ош облусунун аймактарында мал жандыктары арзандаганы менен эттин баасы төмөндөй элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика