Эртең, 9-июлда Кыргыз мамлекетинин кээ бир аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 17….22… күндүз: 29… 34 °C;
Талас облусунда түнкүсүн: 15….20….күндүз: 29…..34°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн: 18…23….күндүз: 29……34°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 13…..18….күндүз: 24……29°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 10….15…..күндүз: 21….26°C;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 31…33° болот.