Жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталды

Жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталды

Свердлов районунда аким Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, ички иштер башкармалыгынын жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамсыз жерди уруксатсыз басып алуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иштерге карабастан, жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталууда. Комиссиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча фундаменттерди жана турак-жай курулуштарын куруунун фактылары аныкталган.

Алсак, «Красный строитель» конушунда 2 фундаменттин уруксатысыз, уруксаат кагазы жок салынганы аныкталган. Аталган объектилер боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

«Дачная-Керчинский» жана «Кайыңды-Шоро» конуштарында 5 фундамент куюлган. “Ак-Тилек” конушунда дубалды көтөрүү стадиясында курулуш иштери токтотулган. «Ак-Тилек-2» жана «Дордой» конуштарында 2 уруксатсыз турак-жай курулган. Бардык объектилерде тиешелүү чараларды көрүү үчүн керектүү материалдарды чогултуу иштери жүрүп жатат.

Уруксат берилбеген бардык аныкталган курулуштар белгиленген тартипте бузулат. Жерди өз алдынча басып алуу фактыларын аныктоодо укук коргоо органдары менен муниципалдык кызматтардын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Иш президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>