Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
“Адилет соттун” кызматкерлери 120 миң сомго чейин маяна ала баштайт
03.07.2023 | 13:18
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-июнда кол койгон.
Документке ылайык, айлык акы сот өндүрүшү тутумун өркүндөтүү, ошондой эле мекеменин ишинин сапатын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көтөрүлдү.
Токтом расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирери каралган.
Токтомдогу тиркемеге ылайык, техникалык колдоо адиси 40 миң сом, директор 100 миң жана архитектор 120 миң сом маяна алат.
Тиркеме:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом