Адвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды

Адвокат айыпталуучунун жубайынан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аял адвокаттын үстүнөн УКМКга арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш иши боюнча айыпталуучуну коргоп жүргөн адвокат анын жубайынан 6 миң доллар талап кылган. Ал сот органдарында байланыштары бар экенин айтып, бул акчага оң процессуалдык чечим чыгарууга көмөктөшүүнү убадалаган.
17-июлда УКМКнын кызматкерлери шектүүнү талап кылынган сумманын бир бөлүгүн — 4 миң долларды алып жаткан жеринен кармашкан.
Манас шаардык соту кармалган адамды тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды.
Учурда тергөө иштери уланууда. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тактап, кылмышка башка адамдардын да тиешеси бар-жогун текшерүүдө.