БУУ: Жол кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын 372 млн доллар чыгым алып келет

Жол кырсыктары Кыргызстандын экономикасына жыл сайын болжол менен 372 миллион доллар чыгым алып келет. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн дээрлик 4 пайызына барабар. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт БУУнун Жаңылыктар кызматына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун 40 пайызын жөө жүргүнчүлөр түзөт. Ал эми бардык курмандыктардын дээрлик 22 пайызы 18 жашка чейинки балдар.
Бишкекке болгон сапарынын алкагында Жан Тодт Ички иштер, Транспорт, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушкан. Ал өлкө жетекчилиги кырдаалды өзгөртүүгө олуттуу даяр экенин белгиледи.
«Кыргызстанда өзгөрүүгө жетишүүгө олуттуу даярдык бар экенин көрдүм», — деди БУУнун атайын өкүлү.
Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдорду коопсуз жана инклюзивдүү долбоорлоо боюнча колдонмону бекиткенин эске салды. Мындан тышкары, өлкөдө ылдамдык режимин, мас абалында унаа башкарууну, мотошлемдерди жана рулда баратып уюлдук телефон колдонууну жөнгө салган мыйзамдар иштеп жатат. Бирок эксперттер бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол кырсыктары боюнча маалыматтарды чогултуу системасын жакшыртуу зарыл экенин белгилешет.
Тодттун айтымында, жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо, ылдамдыкты көзөмөлдөө, коопсуздук курун жана мотошлемди колдонуу, мас абалында же баңгизаттын таасири алдында унаа башкарууга каршы күрөшүү, ошондой эле рулда баратып телефон колдонбоо сыяктуу чаралар натыйжалуу болот.
БУУнун атайын өкүлү Азербайжанга да барган. Анын айтымында, бул өлкөдө оң өзгөрүүлөр байкалууда: 2025-жылы жол кырсыктарынын саны мурунку жылга салыштырмалуу 12,3 пайызга, ал эми 2024-жылы дагы 12,8 пайызга азайган.
БУУнун маалыматына ылайык, дүйнөдө жыл сайын жол кырсыктарынан болжол менен 1,2 миллион адам каза болуп, дагы 50 миллионго жакын адам жаракат алат. Жол кырсыктары 5 жаштан 29 жашка чейинки балдар менен жаштардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.