ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Бишкекте жогорку жетекчилердин атын жамынган шылуун 1,9 млн сом менен кармалды
29.09.2025 | 15:20

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын тургуну С.У.Э. аттуу жаранды кармады.
Маалыматка ылайык, ал өзүн өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атынан сүйлөгөндөй көрсөтүп, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы 1 миллион 925 миң сом алган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана анын мыйзамсыз аракеттерине байланышкан башка фактылар да иликтенүүдө.
УКМК белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып жарандарды адаштырган адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.