Адылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат

30.09.2026 | 10:06
Адылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат — Новости Кыргызстана

1-2-октябрь күндөрү Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Минск шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумдарда соода-экономикалык кызматташтыктын маселелери каралат.

Ошондой эле Минкаб төрагасы «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, «Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк» темасындагы пленардык жыйында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, байкоочу өлкөлөрдүн делегация жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Scroll to Top