Афганистандагы селден 40 ашуун адам каза болду

22.07.2026 | 11:14
Более 40 человек погибли при наводнениях в Афганистане — Новости Кыргызстана

Афганистандын чыгыш аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам болгон селден кийин издөө-куткаруу иштери уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 40тан ашуун адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алды. Дагы көптөгөн адамдар дайынсыз болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, табигый кырсык турак үйлөргө, коомдук имараттарга жана коммерциялык объектилерге олуттуу зыян келтирди. Кыйроолордун көлөмү такталууда.

БУУнун гуманитардык уюмдары өнөктөштөрү менен биргеликте жабыркаган калктын муктаждыктарын баалап, жардам көрсөтүү чараларын даярдап жатышат. Алгачкы кезекте убактылуу баш калкалоочу жай, азык-түлүк, медициналык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана психологиялык колдоо көрсөтүү каралган.

Жабыркаган аймактарга мобилдик медициналык бригадалар жөнөтүлдү. Медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимге өткөрүлүп, кошумча дары-дармек, дарылоочу азыктар жана азык-түлүк жеткирилүүдө.

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы өнөктөштөрү жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте калкка жардам көрсөтүүдө. Жолдордун бузулушу жана тоолуу аймактын шарты куткаруу жана гуманитардык операцияларды татаалдаштырууда.

Scroll to Top