Агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Кеминдеги окуянын чоо-жайы

Агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Кеминдеги окуянын чоо-жайы

Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июнь күнү Кемин РИИбге жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калагадыгын билдирген. Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Кемин РИИБдин кызматкерлери чыгышкан.

Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө 1992-жылы туулган Б.С., аттуу жарандын жансыз денеси табылып. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Бул факты Кемин РИИБ тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы
кылмышка шектелип аталаш бир тууган агасы 1979-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармочу жайыга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>