УКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды

25.08.2026 | 18:03
УКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды — Новости Кыргызстана

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 мекемесинин жетекчиси, майор Ж.М.Ж. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, шектүү 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон жарандын туугандарынан акча талап кылып келген. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга шарт түзүп берүү үчүн «MBANK» тиркемеси аркылуу системалуу түрдө каражат алып турган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда алынган каражаттын жалпы көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Scroll to Top