Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Дайырбеков Россиядагы фестивалда “Мыкты режиссер” деп табылды
07.09.2023 | 09:00
Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбеков Россиядагы эл аралык кинофестивалда “Мыкты режиссер” сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Дайырбековго “Мыкты режиссер” сыйлыгы “Эрмен жыты” тасмасы үчүн “Чыгыш-Батыш. Классика жана Авангард” кинофестивалында ыйгарылган. Фестиваль Оренбург шаарында 25-31-августта өткөн.
«Эрмен жыты» тасмасы Кинематография департаментинин, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен Central Asia Film студиясы тарабынан тартылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз