Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү жана транзиттөө маселелерин карашты. Бул тууралуу 28-октябрда Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаевдин жолугушуусунда сүйлөшүлдү.
КРдин Энергетика министрлигинин маалыматында, жолугушууда эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланган. Анын ичинде Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо маселелери каралган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди улантууга даяр экендиктерин билдиришкен.