Шакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү алмашты
09.09.2026 | 10:05

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, ал бул кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кетти.
Касымалиева БУУдагы өкүлчүлүк кызматына 2021-жылдын декабрында дайындалган болчу.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Баетов буга чейин КРдин юстиция министри кызматында иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат