CIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылды

10.09.2026 | 15:53
CIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык багыттары тааныштырылды — Новости Кыргызстана

Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине (CIFIT) Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылууда. Бул тууралуу КРдин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги маалымдады.

Жарманке 8–11-сентябрь күндөрү өтүп жатат. Ага быйыл 129 өлкөдөн жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү келген. Экспозицияда 14 адистештирилген зона уюштурулуп, инвестициялык форумдар, тематикалык сессиялар жана долбоорлордун роуд-шоулары өтүүдө.

Кыргызстандан жарманкеге Инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов катышууда. Ал катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, инвестиция салуу үчүн келечектүү багыттарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда. Ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кызыктуу болгон тармактар тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүдө.

Агенттик өлкөнүн бул жарманкеге катышуусу эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарды кеңейтүүгө, капитал тартууга жана биргелешкен долбоорлорду баштоого багытталганын билдирди.

Scroll to Top