Айгүл Жапарова Айтматов районуна барды

Айгүл Жапарова Айтматов районуна барды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунун Айтматов районунда жашаган көп балалуу төрт үй-бүлөгө барды, алардын биринде майыптыгы бар бала тарбияланат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын социалдык абалы, муктаждыктары менен таанышты, ошондой эле көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр кабылган кыйынчылыктар туурасында кабар алды.

Биринчи айым оор турмуш шарттарына карабастан, бул үй-бүлөлөрдөгү балдар сүйүүгө жана камкордукка бөлөнүп, тарбияланып жатканын кубануу менен белгиледи. Айгүл Жапарова балдарга жана алардын ата-энелерине чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Үй ээлери өз кезегинде биринчи айым Айгүл Жапаровага көрсөткөн жардамы жана көңүл бургандыгы үчүн абдан ыраазы болгонун билдиришти.

Ар бир үй-бүлөгө барып жардам көрсөтүү максатында демөөрчүлөр тарабынан бирден саан уй тапшырылды. Бул үй-бүлөлөргө сүт берген, анын аркасы менен дайыма дасторкондо өздөрүнөн чыккан сүт азыктары болуп – үйдө жакшы көмөкчүлөр пайда болду.

Мындан башка Айгүл Жапарова Талас облусуна барганда Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында ачылган аялдар үчүн йога студияларында болду. Йога студияларынын ачылышы үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен аялдардын ден соолугун чыңдап, толук кандуу алектениши үчүн бардык керектүү нерселер сатылып алынган.

Ошондой эле, биринчи айым Айгүл Жапарова Талас облусунун Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>