Жаан жаайбы? Кыргызстанда 4-майга чейин күтүлгөн аба ырайы

Жаан жаайбы? Кыргызстанда 4-майга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 4-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

29-апрелде күндүз жана 30-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Бишкек шаары

29-апрелде жана 30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-апрелде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

1-4-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз жана 30-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

1-4-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-майда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймктарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Жалал-Абад облусу

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

30-апрелде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-4-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

29-апрелде жана 30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-4-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз жана 30-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-майда түнкүсүн чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

2-майда күндүз жана 3-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз жана 30-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда күндүз жана 3-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>