Айрым мектептерде корей тили боюнча класстар ачылышы мүмкүн

Айрым мектептерде корей тили боюнча класстар ачылышы мүмкүн

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, 27-декабрда, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда билим жана илим тармагындагы кызматташууну талкууланган.

«Министр өз ара аракеттенүүдөгү жетишкендиктерге канааттангандыгын билдирип, Кыргызстанда кыргыз-корей ресурстук борборунун ачылышына карата иш-чара өткөрүүнү жана айрым мектептерде корей тили класстарын ачууну сунуштады», — деп айтылат маалыматта.

Корея тарап биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары, анын ичинде ЖОЖдор менен макулдашуулар жана Кыргызстанды артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу айтып берген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>