Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт. Мыйзам долбоор колдоо тапты

Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт. Мыйзам долбоор колдоо тапты

Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйынында «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, бул долбоордо, жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө максатында, жол эрежелерин орой түрдө бузган айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Билим жана илим министрлигинен айрым функциялары ИИМдин карамагына берилгендигине байланыштуу, КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов мыйзамга киргизилип жаткан айрым өзгөрүүлөр тууралуу айтып берген.

«Айрым беренелерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мас абалында унаа айдагандар боюнча айып пул такыр алынууда. Анын ордуна айдооучулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Азыркы кодексте айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу деген жок. Мисалы, айдоочу мас абалында кармалса, бир жылга күбөлүгүнөн ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра мас абалында кармалса, анда үч жылга ажыратылат», — деген ал.

Ошондой эле, Азамат Исраилов айрым жол эреже бузуулар боюнча айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөрүн белгиледи.

«Мисалы, ылдамдыкты (белгиленген ылдамдыктан, мисалы, 60 чакырым деген жерден 101 чакырым менен айдаса — ред.) 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырса, айып пул 7,5 миң сом болду. Ал эми 60тан ашырса, 15 миң сом төлөнөт. Карама-каршы тилкеге чыгууга 15 миң сом болот. Одоно жол эреже бузуулар кайталанган учурда, айдоочу кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт», — деди ал. 

Талкуудан кийин аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Күбөлүктөн ажыратуу тууралуу айрым нормалар:

— Мас абалында, баңгизат же психотроптук заттарды колдонуп унаа айдаса же жол кырсыгы болгон жерден качып кетсе, айдоочулук күбөлүк 3 жылга алынат. Мурункудай айпып пул төлөө, коомдук иштер болбойт.

— Айдоочулук күбөлүк ала элек адамдар мас абалында кармалса, 3 күнгө камакка алынат.

— мас абалында (баңгизат же психотроптук зат колдонуп) жол кырсыгына кабылса, айдоочулук күбөлүктөн 10 жылга ажырайт. Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайра кайталанса, өмүр бою айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

— ошол эле учурда унаа ээси унаасын мас адамга айдаганга берсе, ичимдик ичкен киши күбөлүктөн ажыратылып, унаа ээсине 20 миң сом айып пул салынат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>