Кыргызстандан Кытайга «Торугарт» аркылуу дан азыктары экспорттоло баштайт

Кыргызстандан Кытайга «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу дан азыктарын экспорттоо макулдашылды. Мындай чечим 22-сентябрда Пекин шаарында КРдин айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь жолукканда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин маалыматында, «Торугарт» аркылуу дан азыктарын ташуу Чүй облусунун дыйкандарына өндүргөн продукциясын экспорттоого шарт түзөт. Ошондой эле бул багыт «Эркечтам» бекетиндеги жүктөмдү азайтууга жана эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Торугарт» өткөрүү бекетинин күнүмдүк иштөө убактысын узартуу маселеси да каралды.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда айыл чарба экспортун жөнгө салган үч протоколго кол коюлду. Документтер Кыргызстандан Кытайга жылкыларды экспорттоодогу карантиндик жана санитардык талаптарды, кой жана эчки этинен даярдалган продукцияга карата талаптарды, ошондой эле жаңы мөмө-жемиштерди чыгаруу боюнча фитосанитардык эрежелерди аныктайт.