Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди

25.09.2026 | 10:15
Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди — Новости Кыргызстана

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 2027-жылы январь айында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда, «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Суваналиев өз маегинде алдыдагы шайлоодо азыркы президентке атаандаш боло ала турган адам керек экенин жана саясатта көп жыл жүргөн, аны жакшы түшүнгөн киши катары өзүнүн талапкерлигин коюуга ниети бар экенин билдирген. Ошондой эле ал шайлоодо оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын айткан.

Өмүрбек Суваналиев 66 жашта. Ал саясаттагы жолунда ички иштер министри, Нарын облусунун губернатору кызматтарын аркалаган. Кийин президенттик аппаратта Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш кийинки президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январында өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

Теги: шайлоо
Scroll to Top