UIM F1H2O: Ысык-Көлдө Роналду, Жеки Чан жана Ван Дамм күтүлүүдө«Мадина» базарынын ишкерлерине көчүүгө үч ай убакыт берилдиШавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келетЫсык-Көл F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын кабыл алууга даяр — Эдуард КубатовВладимир Путин Кыргызстан менен ИИМ өкүлчүлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификацияладыОш облусундагы кооперативдер үчүн 400 чарчы метрлик күнөсканалар курулат
Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жарым финалына чыкты
09.08.2024 | 17:00
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүүдө. Ал бүгүн, 9-августта килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады.
Биринчи беттешинде ал нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде утту.
Андан кийин чейрек финалда америкалык Кайла Миракл менен күч сынашты. Беттеш 6:6 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Тыныбековада болгондуктан, ал жеңишке жетти.
Эми ал жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт.
Беттештер саат 22:15те башталат.