Айталиев: Светтин жаңы тарифтери жакында иштей башташы мүмкүн

Айталиев: Светтин жаңы тарифтери жакында иштей башташы мүмкүн

Электр энергиясынын жаңы тарифтери октябрь айынан тарта иштей башташы мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, орто мөөнөттүү тариф саясатынын долбоору буга чейин коомдук талкуудалардан өткөн.

“Анын жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен документ министрлер кабинетине тапшырылды. Жакын арада кол коюлары күтүлүүдө”,- деди Айталиев.

Ошондой эле ал быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 млрд куб метр сууга аз топтолгонун, бирок ага карабай быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 кВт. саат же 20 пайыздан ашык электр энергиясы көп өндүрүлгөнүн белгиледи.

“Түркмөнстан менен 500 млн ква/саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Мына азыр бизге ал энергия Өзбекстан аркылуу келип жатат”,- деп кошумчалады ал.

Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну сунуштоодо. Калк үчүн жылдык инфляциянын деңгээлине ылайыкташтырылган азыркы тарифти калтыруу сунушталууда. Мындан тышкары, өнөр жай объектилерине тарифтерди жогорулатууну карап жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>