Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшө турган атайын штаб түзүлдү
19.05.2025 | 11:23
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Штаб айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында түзүлгөн. Анда адистер экспорттук продукцияны чыгарууда келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана экспорттоочуларга практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүшөт.
Штабдын негизги милдеттери:
- Экспорттук рыноктордогу абалды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, бааларды жана суроо-талапты талдоо;
- Логистикалык жана административдик тоскоолдуктарды жоюуга көмөктөшүү, продукциянын үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзүү;
- Өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга консультациялык колдоо көрсөтүү, экспорт менен байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берүү;
- Текшерүү жана сертификациялоо органдары менен эффективдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, продукциянын сапатын текшерүү жана сертификациялоо жол-жоболорун жеңилдетүү;
- Ички өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы чет элдик рынокторго чыгуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика