«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулат

Бишкек чет өлкөлүк инвесторлорду барган сайын көбүрөөк тартып, эл аралык бизнес-жолугушуулардын аянтчасына айланууда. Бүгүн «Жаштык Аренада» бир эле учурда «Kyrgyzstan Expo» жана «Expo Eurasia» аттуу эки ири көргөзмө башталды. Аларда Россиянын 50дөн ашык, Пакистандын 24кө жакын, Түркиянын 20дан ашык компаниясы өз өндүрүшүн тааныштырды. Ошондой эле Өзбекстандан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген ири делегациялар катышууда. Айрым чоң экспонаттарды ачык асман алдында жайгаштырууга туура келди.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев жаңы көргөзмө комплексин куруу зарылдыгын белгиледи.
«Биз үчүн чоң экспо-борбор куруу абдан маанилүү. Бул жерге баары батпай жатат, атүгүл экспонаттарды көчөгө жайгаштыра баштадык. Бул — тармактык министрликтерди, губернаторлорду, акимдерди жана шаар мэрлерин камтыган жалпы милдет. Анткени алар жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жумуш орундарын түзүүгө, кошумча нарк жаратууга жана элибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга биринчи кезекте кызыкдар болушу керек», — деди ал.
Ири объект кайсы жерде курулары тууралуу маалыматты Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Алмазбек Жамалдинов Reporter.kg басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди.
«Биз бир нече жерди карап чыгып, азыр “Манас” аэропортуна жакын аймакты тандадык. Албетте, бул бир нече инфраструктуралык объектилерди камтыган бүтүндөй комплекс болот. Анын ичинде көргөзмө залдары, мейманканалар, ресторандар жана унаа токтотуучу жайлар болот. Чет өлкөлүк конокторго да, жергиликтүү тургундарга жана ишкерлерге да ыңгайлуу болушу үчүн бардык инфраструктура түзүлөт. Бул ишкерлерди өзүнө тарткан борборго айланышы керек», — деди Алмазбек Жамалдинов.
Өлкөнүн негизги аба дарбазасына жакын жерде жаңы ири экспо-борбордун курулушу эл аралык делегациялар үчүн логистиканы жеңилдетип, Кыргызстандын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөт.