Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасында Ак-Буура дарыясынын жээгинде 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине 2021-жылдын 10-апрель күнү саат 13:50 чамасында кабарланган.
Аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки кылмыш иш катталып, тергөө амалдары башталган.
Кылмыш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Жансыз дененин өздүгүн тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну 31 жаштагы С. уулу Ө. экендиги такталган. Ал 2017-жылдан баштап психикалык жактан ооруп каттоодо тургандыгы, акыркы учурларда ага көңүл буруп караган адамдарынын жоктугунан өз учурунда даарыланбай калгандыгы аныкталган.
С. уулу Ө 1990-жылы Ош шаарында туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну, апасы каза болгон, атасы О.С 66 жашта пенсионер. Үй-бүлөсү жок. Атасы менен бирге жашаган.