«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтарды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун билдирүүлөрүнө жооп берди. Аблязов мамлекет башчысы менен мурдатан тааныш экенин, 2020-жылдын октябрь окуяларында аны менен телефон аркылуу 40 мүнөттөй сүйлөшкөнүн жана Жапаров андан акча сураганын айтып чыккан эле.
Кыргызстандык маалымат порталына жарыяланган жоопторунда өлкө башчы бул айыптоолорду кескин четке кагып, Аблязовду аферист деп атады жана ошол сүйлөшүүнүн өз версиясын айтып берди.
Жапаровдун ырасташынча, казакстандык оппозиционер өзү ага кайрылып, Бишкекте отуруп алып Казакстанда төңкөрүш (революция) уюштурууга уруксат сураган.
Жапаровдун айтымында, 2020-жылдын октябрына чейин ал казак оппозиционери менен такыр тааныш болгон эмес, ал тууралуу уккан да эмес.
«Мен Аблязов менен мурдатан тааныш болмок түгүл, Аблязовдун “А” тамгасын тааныбайт элем», — деди президент.
Ал октябрь окуялары учурунда жанында азыркы тапта жазасын өтөп жаткан Мелис Аспеков жүргөнүн айтып берди. Бир күнү Аспеков келип телефон сунуп, Мухтар Аблязов аны менен сүйлөшкүсү келип жатканын билдирген.
«Мухтар Аблязов “сүйлөштүрүп койчу” деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу», — деп Жапаров Аспековдун сөздөрүн келтирди.
Президенттин айтымында, ал сүйлөшүп жаткан адам кандай сунуш менен кайрыларын такыр билбестен, сүйлөшүүгө макул болгон.
Жапаровдун айтымында, алгач Аблязов өлкөдөгү бийликтин алмашуусу үчүн кыргызстандыктарды мактаган.
«Вот кыргыздар, сиздер азаматсыздар, үчүнчү революцияны жасадыңыздар, биз, казактар эч нерсе кыла албай жатабыз», — деп мамлекет башчысы Аблязовдун сөздөрүн эске салды.
Андан соң, өлкө башчысынын билдирүүсүнө караганда, казак оппозиционери Казакстанда да ушундай окуяларды уюштурууга жардам берүүсүн өтүнгөн.
«Ошондуктан мен сизден бизге жардам беришиңизди абдан суранам. Эгер сиз макулдугуңузду берсеңиз, мен Бишкекке учуп барам, ошол жакта отуруп алып Казакстанда революция уюштурам», — деп Жапаров анын сөзүн келтирди.
Президент ошондой эле сүйлөшүү учурунда Аблязов өзүндө кыргыз паспорту бар экенин айтканын кошумчалады. Жапаровдун айтымында, оппозиционер ал документти Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилинде алганын билдирген.
Жапаров коңшу мамлекеттин ички саясатына кийлигишүү ниети болбогондуктан, Аблязовдун сунушун колдоодон дароо баш тартканын айтты.
«Биринчиден, мен коңшу өлкөлөрдүн саясатына кийлигишпейм. Экинчиден, сиздин айыңыздан мен Казакстан менен мамилени бузбайм. Жакшысы келбей эле коюңуз, өз ишиңиз менен алектениңиз», — деп президент өз жообун эске салды.
Анын айтымында, сүйлөшүү ошону менен аяктаган.
Жапаров бул баарлашуу казак оппозиционери ырастагандай 40 мүнөт эмес, болгону эки мүнөттөй гана созулганын баса белгиледи.
«Биз болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз, сиз сурап жаткандай 40 мүнөт эмес», — деди мамлекет башчысы.
Президент телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Аблязовдон каржылык жардам сураган деген дооматка өзүнчө токтолду.
Жапаров бул сөздөрдү кескин четке кагып, аны калп деп атады, ал эми казак оппозиционеринин өзүн аферист деп мүнөздөдү.
«Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт бош убактым жок болчу. Акча сураган дегени — карандай калп», — деди өлкө башчысы.
Ошондой эле президент Аблязовдун каржылык абалы тууралуу кескин пикирин айтып, аны кайырчы деп атады жана ал Франциядагы жашоосу үчүн Казакстандын жарандарынан акча чогултуп жүргөнүн билдирди.
«Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет? Кайырчыдан акча сурады деген жөнөкөй логикага да туура келбейт», — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин ал бийлик башында турган жана Аблязов тараптан эч кандай каржылык колдоого муктаж эмес болчу.
«Революция болгон болчу. Бийлик башына ансыз деле келип отуруп калгам. Ал күндөрү акчанын такыр кереги жок эле», — деди ал.
Жапаров аны камактан бошотуп чыккан жарандардын колдоосуна ишенгенин кошумчалады.
«Түрмөдөн чыгарып келип, президенттик тактыга отургузган эл акчасыз эле шайлап коёру турган иш болчу», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Интервьюнун жүрүшүндө Жапаровго чет өлкөдө жүргөн жана өздөрүн «Шумкар» деп атаган бир нече кыргызстандыктар тууралуу да суроо берилди.
Журналисттердин суроосунда белгиленгендей, алар бир топ убакыттан бери президентти сындап келишет, эми алардын билдирүүлөрүнө Мухтар Аблязов да кошулган.
Жапаров алгач бул топтун бир-эки видеосун көргөнүн, бирок андан кийин алардын билдирүүлөрүнө көз салбай калганын айтты.
«Куудул Борончу Кудайбергенов айткандай, мен “тооктор тобунун” кайрылууларын, билдирүүлөрүн көрбөйм. Тээ башында бир-эки видеосун көргөм, чынымды айтайын. Көрсөм, баары эле жалгандан ойлоп тапкан жалаа жабуулар, болбогон дооматтар экен», — деди президент.
Анын айтымында, ал материалдарды көргөндөн кийин аларга убакыт коротпоону чечкен.
Мамлекет башчысы өзүнүн сынчыларынын билдирүүлөрүн ойдон чыгарылган жомок деп атап, аларды жалган маалымат таратууга айыптады.
Ошону менен бирге Жапаров эмне себептен Аблязовдун сөздөрүнө жооп берүүнү туура көргөнүн түшүндүрдү. Анын айтымында, жарандар айтылган айыптоолорго өздөрү баа бере алышы үчүн окуялардын өз версиясын айтып коюуну зарыл деп эсептеген.
«Болгону сиздер ушуларды угуп, олуттуу кылып суроо берсеңиздер, айрым жарандарыбыз аларга ишенип алышпасын деп, болгонун болгондой айтып коюуну туура көрдүм», — деди ал.
Президент мындан ары Аблязовдун же башка сынчылардын ар бир жаңы билдирүүсүнө жооп берүү ниети жок экенин баса белгиледи.
«Эртең дагы бир жалганды токуп чыгышат. Аларга жооп бериштин кереги жок. Эл өзү эле талдап алат», — деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын пикиринде, акыркы он жылдыкта кыргызстандыктар саясатты жакшы түшүнүп калышты жана коомдук ишмерлердин билдирүүлөрүнө өздөрү баа берүүгө кудуреттүү.
«Азыр эл башка. Саясатты семичкедей чагат. 30 жыл мурдагы эл эмес», — деп сөзүн жыйынтыктады президент.
Анара Мамытова