Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атады

Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаты Ли Он Джу Кыргызстан менен кызматташууну өлкөнүн Борбор Азиядагы ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө багытталган негизги кадамдардын бири катары атады. Бул тууралуу Кореянын «Herald Economy» басылмасы жазып чыкканын Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Макалада КРдин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун Түштүк Кореянын чакан бизнести колдоо боюнча SEMAS уюмуна жасаган иш сапары чагылдырылган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Басылманын маалыматына ылайык, Корей парламентинин 15-октябрындагы жыйынында депутат Ли Он Джу кореялык чакан жана орто бизнеске Борбор Азия рынокторуна чыгууда иш жүзүндө колдоо көрсөтүү, сатып алуучуларды табуу жана экспорттук келишимдерди түзүүгө көмөктөшүү маанилүү экенин айткан. Ал өнүмдөрдү жайылтууда келечектүү багыттар катары K-Food жана K-Beauty тармактарын атаган. Ошондой эле Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен меморандум түзүү “жаңы соода рынокторун ачууда маанилүү алгачкы кадам” экенин билдирген.