Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт

19.10.2026 | 11:16
Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт — Новости Кыргызстана

19-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы паркта (Эмен багы) «Global Snow Leopard AR Hunt» аттуу интерактивдүү AR-квест өтөт. Иш-чара 23-октябрь — Эл аралык ак илбирс күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Snow Leopard Trust уюмунун колдоосу менен уюштурулууда.

AR-квестке бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн ARLOOPA мобилдик тиркемесиндеги картаны ачып, ак илбирстин издери түшүрүлгөн багыттар боюнча басуу талап кылынат. Жыйынтыгында сейил бактын аймагында жапайы жаныбарлардын 3D-моделдери чыгып, ак илбирс тууралуу аудио маалыматтар берилет. Катышуучулар 3D-ак илбирс менен AR-сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга #23for23 хештеги менен жарыялай алышат.

Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символу. Өлкөнүн демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп жарыялаган. Бул демилгенин алкагында дүйнө жүзү боюнча жаныбарды коргоого арналган #23FOR23 кампаниясы жүргүзүлүп келет.

Scroll to Top