Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Айпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт
28.10.2026 | 17:06

Бүгүн, 28-октябрда, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан айым Айпери Медет кызы коло медаль үчүн таймашка чыгат. Анын атаандашы монголиялык Даваанасан Энх-Амар болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалда египеттик Самар Хамзаны таза жеңиш (туше) менен утуп алган. Чейрек финалда австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп, 3:3 эсебинде акыркы упайдын артыкчылыгы менен жеңишке жеткен. Ал эми жарым финалдык беттеште индиялык Кажал Кажалга 7:10 эсебинде жеңилген.
Коло медаль үчүн беттештер бүгүн, 28-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт