КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Ак-Талаада “Унаа” мекемесинин бөлүмү ачылды
03.03.2023 | 16:08
Быйыл 1-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ак-Талаа сектору иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мекеменин филиалы Баетов айылында Балтабай көчөсү 79 дарегиндеги “Ак-Талаа районунун суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин 1-кабатында жайгашкан. Ал жерде жарандарга транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) жана унааларды эсепке алуу (чыгаруу) боюнча кызмат көрсөтөт.
Ал бөлүм дүйшөмбү-жума күндөрү, саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт (түшкү тыныгуу 12:00-13:00).
Транспорт каражаттарын каттоо тууралуу суроолор боюнча 03522 50923 номерине кайрылууга болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз