Бишкекте өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап түштү

Бишкекте өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап түштү

Бишкектин «Жал» кичирайонунда өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап, ооруканага туштү. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-мартта болжол менен саат 22:49да «102» кызматына «Төмөнкү Жал» кичирайонунда турак үйдүн 4-кабатынан өспүрүм кыз кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ленин райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барып, маалымат ырасталган. Такталгандай, ал күнү 2010-жылы туулган кыз үйүндө кулптанып, жалгыз калган. Курбу кыздары менен сейилдөө үчүн сыртка чыгууну каалап, балкон аркылуу шейшептин жардамы менен ылдый түшүүгө аракет кылып жатып, кулап кеткен.

Учурда ал ооруканага жаткырылган.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>