«Германияга жумушка орноштурабыз». 130дай адамды алдагандар кармалды

«Германияга жумушка орноштурабыз». 130дай адамды алдагандар кармалды

Бишкектин Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июнда милицияга А. Н. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 15-февралда Т.Н. жана И. аттуу жарандар Германияга жумушка орношууга жардам берерин айтып, 10 миң сом акчасын алып алдап кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары 26 жаштагы Т. Н. жана 21 жаштагы К.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ленин райондук соту тарабынан Т. Н. №1 тергөө абагына 25-июнга чейин камалган. Ал эми, К. И. 25-июнга чейин үй камагына чыгарылган.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары кармалган адамдар өлкөнүн түштүгүндө ушундай эле филиалдарды ачышкандыгын аныкташкан. Ошондой эле, алардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган 130 жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган», —  деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>