Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Эрназар Акматалиев Казакстандагы мелдеште алтын утту
23.12.2024 | 14:43
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль утту (1 алтын, 5 коло). Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Тараз шаарында Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын утса, Азим Абдыкалыков (57 кг), Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг), Өмурбек Таалайбек уулу (74 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медаль тагынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт