АКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштошту

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери өлкөдөгү дээрлик төрт жылдык дипломатиялык миссиясын аяктап жатат. Коштошуу видеосунда дипломат мекенине кайтар алдында буюмдарын кутуга салып жатып, Кыргызстан тууралуу эсинде кала турган нерселер жөнүндө айтып берди.
Вигери алгач Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастар тууралуу китепти кутуга салды. Дипломаттын айтымында, башка өлкөдө жакшы иштөө үчүн анын тарыхын жана элин түшүнүү зарыл.
«Эгер өткөнүңдү билбесең, келечекте кыйынчылыктарга туш болосуң. Алга жылуунун жалгыз жолу — кайдан келгениңди билүү», — деди ал.
Элчи ошондой эле Coca-Cola компаниясы бизнес маселелери боюнча кызматташканы үчүн берген сыйлыкты көрсөттү. Вигери Кыргызстанда америкалык компаниялардын көбүрөөк иштешин каалай турганын белгиледи. Бирок бул үчүн бизнес чөйрөсү, салык саясаты жана башка шарттар маанилүү экенин айтты.
Акырында дипломат ак калпакты көрсөтүп, аны да кутуга салды. Анын айтымында, бул улуттук баш кийим ал үчүн кыргыз элинин меймандостугун жана салт-санаага болгон урматын билдирет.
Вигери Кырчында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын да эске алды. Ал жерде ак калпак кийген көптөгөн адамдарды көргөнүн айтып, бул көрүнүш Кыргызстандын маданий салттары менен көчмөн мурасы канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.
«Кыргызстанда кызмат өтөө мен үчүн чоң сыймык болду. Кыргыз элинин жылуу мамилесин, меймандостугун жана кооз тоолорун эч качан унутпайм», — деди элчи.
Вигери келечекте Кыргызстанга дагы кайтып келерине ишенерин билдирди.
«Мен өзүм менен көп нерсени алып кетким келет, бирок бардык досторум, кесиптештерим жана эскерүүлөрүм бир кутуга батпайт. Кыргызстан, сен менин жүрөгүмдө ар дайым өзгөчө орунда болосуң», — деди Лесли Вигери.