Кыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда мыйзамдарга «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүүнү караган мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова мектептердеги рэкет жана буллингдин алдын алуу боюнча тегерек столдо билдирди.
Парламентарийдин айтымында, буллингди өзүнчө укук бузуу катары карап, ага каршы системалуу күрөшүү механизмдерин түзүү сунушталууда.
«Бул көйгөйдүн актуалдуулугун жана бул көрүнүш менен өзүнчө укук бузуу катары системалуу күрөшүү зарылдыгын эске алып, мыйзамдарга “буллинг” жана “кибербуллинг” түшүнүктөрүн киргизип жатабыз», — деди Аманова.
Депутат тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөнү сунуштады. Мисал катары ал Түштүк Кореяны келтирди. Бул өлкөдө мектептеги буллинг тууралуу маалымат окуучунун кийинки билим алуусуна жана карьерасына таасир этиши мүмкүн.
Аманованын айтымында, 2026-жылдан тартып Түштүк Кореядагы университеттер абитуриенттерди кабыл алууда алардын мектепте буллингге байланыштуу тарыхын эске алышы керек. Мындай маалымат окуучунун жеке ишинде төрт жылга чейин сакталып, жогорку окуу жайына тапшырууда эске алынышы мүмкүн. Кийинчерээк бул ири компанияларга жумушка орношууда да тоскоолдук жаратышы ыктымал.
Тегерек столдо Кыргызстандагы мектеп психологдорунун иштөөсүнүн жаңы тартиби тууралуу да маалымат берилди. Агартуу министрлигинин өкүлү Алтынбек Эркимбековдун айтымында, психологдордун штаттык саны окуучулардын санына жараша аныкталат.
100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептерде психологдун 0,25 штаттык бирдиги, 276дан 550гө чейин окуучусу бар мектептерде 0,5 штаттык бирдиги, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерде бир толук штаттык бирдик каралган.
Мындан тышкары, Агартуу министрлиги ата-энелер, мугалимдер жана окуучулардын ортосундагы байланышты жакшыртууга багытталган программаны ишке ашырууда.
Аманованын маалыматы боюнча, жаңы окуу жылы башталгандан бери мектептердеги рэкет жана ур-токмоктун кесепетинен эки окуучу каза болгон. Депутат Сузак жана Чаткал райондорундагы акыркы кайгылуу окуяларга да токтолду.
Талкууга Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Агартуу министрлигинин, Эмгек министрлигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, психологдор, социалдык педагогдор, укук коргоочулар жана эксперттер катышты.