Түп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Түп районунда ден соолукту чыңдоочу лагердин аймагы 6 гектар жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мүлктүн баасы дээрлик 164 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, лагерь Ысык-Көл айыл аймагынын аймагында жайгашкан жана мурда Түп мамлекеттик адистештирилген чарбасына таандык болгон.
Прокуратура 2008-жылы лагердин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен бирге жеке адамдарга өткөрүлүп берилгенин аныктаган. Ведомствонун билдирүүсүндө, мүлктү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптары бузулган.
Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин 163 млн 945 миң сомго бааланган лагерь жана 6 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратура социалдык багыттагы объектилердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен учурларын текшерүү жана аларды мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын билдирди.