АКШ Канададан келген товарларга кошумча 50 пайыздык бажы алымдарын киргизүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамп Канададан импорттолгон бир катар товарларга кошумча 50 пайыздык бажы алымдарын киргизүү боюнча прокламацияларга кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий сайтында маалымдалды.
Жаңы чектөөлөр болжол менен 20 миллиард долларды түзгөн канадалык продукциялардын импортуна тиешелүү болот. Документке ылайык, бажы алымдары кол коюлгандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Ошол эле учурда, бул чектөөлөр энергетикалык продуктыларга, өтө маанилүү минералдарга, балыкка, ошондой эле өзүнчө тармактык тарифтер менен жөнгө салынган металлдарга жана автомобилдерге жайылтылбайт.
Жаңы бажы алымдарын киргизүүгө 1930-жылдагы Тарифтер жөнүндө мыйзам негиз болду. Бул мыйзам америкалык товарлар дискриминацияланган учурда АКШ президентине Конгресстин макулдугусуз эле чет элдик продукцияга 50 пайызга чейинки өлчөмдө бажы алымдарын киргизүүгө укук берет.
CNN телеканалынын АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берүү менен тараткан маалыматына караганда, мындай чечим Канадада америкалык автомобилдерге, алкоголдук жана сүт азыктарына карата күчүндө болгон чектөөлөргө жооп иретинде кабыл алынган.