Ысык-Көл облусунда Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү эки көпүрөнүн курулушу аяктоодо

21.07.2026 | 09:45
В Иссык-Кульской области завершают строительство двух мостов через Сары-Жаз — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү «Зайнулин» жана «Ак-Үңкүр» көпүрөлөрүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Объекттердин бири толугу менен даяр, экинчисин 1-августка чейин тапшыруу пландалууда.

Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү эки көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоордун алкагында «Зайнулин» жана «Ак-Үңкүр» көпүрөлөрү курулууда. «Зайнулин» көпүрөсүнүн курулушу аяктады. Учурда подрядчылар чектеш аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, тилкени пландоо иштерин аяктап жатышат.

«Ак-Үңкүр» көпүрөсүн 2026-жылдын 1-августуна чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда коргоочу курулмаларды куруу, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык долбоордук документтерди тариздөө иштери улантылууда.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу Сары-Жаз аймагынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет жана 180 миң гектардан ашык жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Объекттерге баруу учурунда Кабмин башчысы курулуш мөөнөттөрүн сактоонун жана инфраструктуранын жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Теги: кабмин
Scroll to Top