Адылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугушту

02.10.2026 | 16:30
Адылбек Касымалиев встретился с Лукашенко на полях заседаний ЕАЭС в Минске — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Жолугушуу Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБдеги байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте өттү. Алар Минскке Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келишкен.

Касымалиев Лукашенкого Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Беларус менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору баалай турганын белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйындарынын жана «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагындагы сүйлөшүүлөр жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Теги: кабмин
Scroll to Top