Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жетти

Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, 1993-жылы токойлордун аянты 767 миң гектар болсо, учурда алардын аянты 506,3 миң гектарга көбөйгөн.
Мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 млн 540 миң гектарды түзүп, анын ичинен 799,5 миң гектары токой менен капталган. Республикадагы токойлорду коргоо жана башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, 1 токой-аңчылык чарбасы жана 1 токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.
Кыргызстандын токойлору курамына жана өсүү шарттарына жараша төрт өсүмдүк зонасына бөлүнөт. Алардын катарына карагайлуу, арчалуу жана жаңгак-мөмөлүү токойлор кирет. Бул өсүмдүктөр гидрологиялык процесстерди жөнгө салып, топуракты шамал жана суу эрозиясынан коргойт.
Министрлик жарандарды токойлорду коргоого жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырат.