Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
АКШда мектепте ок атылып, үч өспүрүм өлдү – видео
01.12.2021 | 13:42
Американын Оксфорд шаарында (Мичиган) 15 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, үч өспүрүм өлүп, сегизи жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ок чыгарган бала кармалды, анын аракетинин себептери азырынча белгисиз. Жигит атасынан ок атуучу куралды алган.
«Такталган маалымат боюнча, каза болгон үч адамдын арасында 16 жаштагы жигит жана он төрт жана он жети жаштагы эки кыз бар. Жаракат алган сегиз жаран ооруканада”, – деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, полиция ыкчам реакция кылган: кол салган адам кылмыштан 5 мүнөттөн кийин кармалган. Жергиликтүү Куткаруу кызматына (911) мектепте ок атууну уккан адамдардан жүзгө жакын чакыруу түшкөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар