Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
ШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришет
15.07.2026 | 17:11

Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18- жана 19-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда искусство чеберлеринин концерти жана гала-концерт өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, концерттер Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын алкагында уюштурулган.
Сахнада Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл делегациялары өнөр көрсөтүшөт.
Көрүүчүлөргө ШКУ өлкөлөрүнүн музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык искусствосунун мыкты үлгүлөрү тартууланат.
Иш-чаралардын башталышы — саат 19:00дө. Кирүү акысыз.