Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Манас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМК
15.07.2026 | 16:26

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Манас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин (мурунку Жалал-Абад заманбап эл аралык университети) проректору Э.Н.М. пара алууга шектелип кармалганын билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуу жайдын айрым окутуучулары жана проректору студенттерден баа коюу, зачет жана сынактарга киргизүү, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле окуу процессине байланыштуу башка маселелерди чечүү үчүн системалуу түрдө акча жыйнап келишкен.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча катталды. Шектүү УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, ачык маалыматтарга ылайык, аталган окуу жайдын проректору катары филология илимдеринин кандидаты Эсенова Нуска Маматкуловна көрсөтүлгөн.