Ысык-Көлдөгү тазалоочу курулмалардын жанындагы эреже бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы тазалоочу курулмалардын тегерегиндеги санитардык-коргоо зоналарында курулуш жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин кылмыш иши козголду.
Бишкек экологиялык прокуратурасы билдиргендей, текшерүү учурунда райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зоналарына курулуш курууга уруксат берип, шаар куруу корутундуларын мыйзамсыз чыгарып беришкени аныкталган.
Бул факт боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, прокуратура тазалоочу курулмалардын жанында мыйзам талаптарын бузуу менен курулган 30 объектке карата прокурордук чара көрүү актыларын киргизди.