АКШдагы тойдо күйөө балага доллардан жасалган чапан кийгизишти — видео

АКШдагы тойдо күйөө балага доллардан жасалган чапан кийгизишти — видео

АКШда казакстандык жаштардын үйлөнүү тоюнда күйөө балага доллардан жасалган чапан жабылды. Тойдо тартылган видео TikTok’то тарап, тасманын көрөрмандары көп болууда.

Үй-бүлө курган эки жаштын биринин аты Еркебулан, анын келинчегиники Наргиз.

Тойдогу окуяны тасмага эки жуптун досу Алик Сапаров түшүрүп калган. Анын айтымында, доллардан жасалган чапанды Аралин деген дос кызы жасаган. Ал «доллар чапанды» жаштарга кошумчанын ордуна берген.

«Бул видеону досумдун 21-августтагы Майамиде өткөн тоюнда тарткам. Менин билишимче Америкада чапандар сатылбайт. Ошондуктан аны табуу кыйын. Акчадан жасалган чапанды Аралин деген кыз өз колу менен жасаган», — деди ал.

Алик Сапаровдун айтымында, чапан 1, 5 жана 10 долларлык акчалардан жасалып, кийимди «тигүүгө» болжол менен 250 доллар кеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>