Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстанга келет
24.04.2023 | 09:58
АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Кыргызстан жана Тажикстанга сапар менен келет. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин сайтында айтылат.
Маалым болгондой, сапар 22-27-апрелге белгиленген. Анын алкагында Дональд Лу Кыргызстандын өкмөт жетекчилиги менен жолугушат. Анда эки тараптуу жана аймактык кызматташтык талкууланат.
Андан тышкары, ал экономика тармагынын лидерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
Эскерте кетсек, Дональд Лу 2018-2021-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом