Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Пол Капур Кыргызстанга келет
06.08.2026 | 12:35

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Самир Пол Капур Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
5–12-август күндөрү өтө турган бул сапарда Пол Капур Кыргызстандан тышкары Казакстанга, Өзбекстанга жана Индияга барат.
"Ал аймактагы соода жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу администрациянын артыкчылыктуу саясий багыттарын илгерилетүү үчүн өкмөт өкүлдөрү жана бизнес лидерлери менен жолугушат",- деп айтылат мекеменин маалыматында.
Маалымат үчүн: Самир Пол Капур — индиялык тектүү дипломат. Ал 2025-жылдын октябрь айын президент Дональд Трамп тарабынан АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: АКШ, Борбордук Азия