Жеңиш чокусундагы трагедиядан кийин Кыргызстанда пермит системасы киргизилүүдө

Министрлер кабинети бийиктиги 7,4 миң метрден ашкан Тянь-Шань (Теңир-Тоо) кырка тоосунун эң бийик чекити — Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн пермит системасын киргизүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
«Эми чокуга чыгууну каалаган ар бир альпинист расмий уруксат алышы керек», — деп белгилешти мамлекеттик агенттиктен.
Жакынкы аралыкта даярдык деңгээли жогору болгон 20га жакын альпинистке уруксат берүү пландалууда.
Reporter.kg’нин маалымдамасы: Пермит системасы — бул белгилүү бир аракеттерди аткарууга расмий уруксаттарды (пермиттерди) берүүгө негизделген, көбүнчө барууга татаал болгон жаратылыш аймактарына кирүү, экстремалдык туризм же альпинизм менен байланышкан өзгөчө уруксат берүү жана көзөмөлдөө тартиби.
Мекемеден кошумчалашкандай, пермитти вертолеттун колдоосу каралган камсыздандыруусу бар, спорттук даярдыктан өткөн жана чокуга чыгуу боюнча чоң тажрыйбага ээ болгон альпинисттер гана ала алышат.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен белгилешкендей, жаңы талаптар 2025-жылы орусиялык альпинист Наталья Наговицына менен болгон трагедиядан кийин киргизилди.
2025-жылдын 12-августунда төрт адамдан турган топ төмөн түшүп келе жатканда, ал бутун сындырып алып, 7100 метрдей бийиктикте камалып калган. Ага жардамга Италия жана Германиядан келген альпинисттер барып, жабырлануучуга тамак-аш, суу жана жылуу кийимдерди жеткиришкен, бирок кийинчерээк ал экөө тең каза болушкан.
Кийинчерээк Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары 6100 метр бийиктикке чейин гана көтөрүлө алышкан, андан кийин аба ырайынын начарлашына байланыштуу издөө-куткаруу операциясы убактылуу токтотулган. Сентябрдын башында Наталья Наговицына расмий түрдө каза болгон деп табылган.
Бул окуядан кийин Кыргызстандын ИИМи чокуга чыгууну уюштурган Ak-Sai Travel туристтик компаниясына карата кылмыш ишин козгоп, ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги орусиялык туристтерди тоого пландаштырылган сапарлары тууралуу ӨКМге алдын ала кабарлап турууга чакырган.
Белгилей кетсек, Жеңиш чокусу бийиктиги жети миң метрден ашкан чокулардын («жети миңдиктердин») арасында ийгиликтүү чыккандардын саны менен каза болгондордун санынын катышы боюнча эң көп өлүм катталган чоку болуп саналат.